> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткен облусу 9 айда 1.14 млрд сомго каржыланды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/10/19/batkien-oblusu-9-aida-1-14-mlrd-somgho-karzhylandy/
- Published: 2023-10-19T09:15:39.000Z
- Updated: 2023-10-19T09:15:38.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Баткен облусу 9 айда 1.14 млрд сомго каржыланды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.**

Такталгандай, Баткен облусунун өнүгүү программасына 500 млн сом бекитилип, толугу менен каржыланды.

2022-жылдын 14-17-сентябрындагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында Баткен облусунун чарба жүргүзүүчү субъекттерине келтирилген зыяндын орду толтурууга – 90.2 млн сом бөлүндү.

Бюджеттер аралык трансферттер:

Республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары жалпысынан 368 млн сом каржыланган. Алар:

• теңдөөчү трансферт – 246.2 млн сом;

• максаттуу трансферттер – 121.8 млн сом.

Регионду өнүктүрүү фонддору боюнча Баткен облусуна 178.8 млн сом каржыланды, анын ичинен:

• облустук өнүктүрүү фонду – 117.4 млн сом;

• райондук өнүктүрүү фонддору – 61.4 млн сом.

Өз алдынча жергиликтүү органдарга – электр энергияга 11.6 млн сом каржыланган.