Баткен облусу 9 айда 1.14 млрд сомго каржыланды

Баткен облусу 9 айда 1.14 млрд сомго каржыланды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Такталгандай, Баткен облусунун өнүгүү программасына 500 млн сом бекитилип, толугу менен каржыланды.

2022-жылдын 14-17-сентябрындагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында Баткен облусунун чарба жүргүзүүчү субъекттерине келтирилген зыяндын орду толтурууга – 90.2 млн сом бөлүндү.

Бюджеттер аралык трансферттер:

Республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары жалпысынан 368 млн сом каржыланган. Алар:

• теңдөөчү трансферт – 246.2 млн сом;

• максаттуу трансферттер – 121.8 млн сом.

Регионду өнүктүрүү фонддору боюнча Баткен облусуна 178.8 млн сом каржыланды, анын ичинен:

• облустук өнүктүрүү фонду – 117.4 млн сом;

• райондук өнүктүрүү фонддору – 61.4 млн сом.

Өз алдынча жергиликтүү органдарга – электр энергияга 11.6 млн сом каржыланган.