Финансы министрлиги Нарын облусун 485.2 млн сомго каржылады

Нарын облусу боюнча 2023-жылдын 9 айына карата республикалык бюджеттин эсебинен 485.2 млн сом каржыланган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Бюджеттер аралык трансферттер:

• теңдөөчү трансферт – 368 млн сом;

• ыйгарым укуктарды берүүгө – 29.6 млн сом;

• электрэнергиясына болгон 50% компенсацияга – 37 млн сом;

• жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 16.4 млн сом;

• айыл өкмөттөрдүн башкы планына – 34.2 млн сом.