Кумтөр Тоголок кенине жол салуу иштерин баштады

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК Тоголок алтын кенин иштетүү үчүн даярдыкты баштады. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди.

Такталагандай, 2023-жылдын 8-августунда КГК Тоголок алтын кенин иштетүүгө жана Жети-Өгүз районундагы Жангарт участогун чалгындоого лицензиясын алган.

Компаниянын кызматкерлеринин биринчи экспедициясы 2023-жылдын 1-сентябрында жөнөп кеткен. Тоолуу Үч-Кошкон айылынан Тоголок кенине чейин жол салуу бургулоо иштерин баштоонун негизги милдеттеринин бири.

“Бул маршрут эки ашуусу жана бир нече тоо дарыялары бар 37 чакырым өтүүгө мүмкүн эмес тоо участокторун камтыйт. Жол иштери башталып, жакында бүтөт. Бул Тоголок алтын кенин толук иштетүү боюнча курулуш жана башка иштерди баштоо үчүн зарыл болгон жүк ташуучу унааларга жана атайын техникаларга жол ачат”, - деп белгиледи ишкана.