> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кумтөрдүн кызматкерлеринин 99.7% - кыргызстандыктар
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/10/19/kumtordun-kyzmatkierlierinin-99-7-kyrghyzstandyktar/
- Published: 2023-10-19T03:10:40.000Z
- Updated: 2023-10-19T04:34:07.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**«Кумтөр Голд Компанинин» кызматкерлеринин дээрлик бардыгы – 99.7% Кыргызстандын жарандары. Бул тууралуу ЖКнын отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында аталган ишкананын президенти Алмаз Барыктабасов билдирди.**

Анын айтымында, ишканада 21 чет элдик адис иштейт. Алар фабрикада жана техникалык тейлөөдө эмгектенишет.

«Жетекчиликте, Бишкек жана Балыкчы шаарларындагы кеңселерде, шахтада бардык жерде кыргызстандыктар», - деди Алмаз Барыктабасов.

Ишкананын президенти министрлер кабинети Кумтөргө жаңы имарат салуу үчүн жер бөлүп бергендигин баса белгиледи.