> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан Түркиядан өзүнүн балы менен өрүгүнө бажы төлөмдөрүн төмөндөтүүнү суранды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/10/19/kyrghyzstan-turkiiadan-ozunun-baly-mienien-orughuno-bazhy-tolomdorun-tomondotuunu-surandy/
- Published: 2023-10-19T08:50:31.000Z
- Updated: 2023-10-19T08:50:30.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жылдын 18-октябрында КРнын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын Айыл чарба жана токой чарба министри Ибрагим Юмаклы менен жолукту. Бул тууралуу ТИМ билдирди.**

Жолугушууда тараптар айыл чарба жана токой чарбасы жаатында эки тараптуу кызматташуу маселелерин, ошондой эле Кыргызстандан Түркияга айыл чарба продукцияларын экспорттоо жана бул жаатта тажрыйба алмашуу маселелерин кеңири талкуулашты.

Казакбаев Кыргызстандын балы менен өрүгүнө бажы төлөмдөрүн төмөндөтүү, ошондой эле эт азыктарын ташып келүүгө тыюу салууну алып салуу аркылуу Кыргызстандын айыл чарба продукциясын Түркияга экспорттоону көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.