Минкаб тоо-кен өнөр жайы үчүн Dolon программалык камсыздоосун колдонууга даяр

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тоо-кен өнөр жайы үчүн Dolon программалык камсыздоосун иштеп чыгуучу «Долон Системс» компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Презентацияда белгиленгендей, бул стартап Жогорку технологиялар паркынын резиденти болуп саналат, компаниянын программалык камсыздоосу Борбордук Азия жана Европа өлкөлөрүндө кызыгууну жаратат.

Программалык камсыздоо геологиялык маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде түздөн-түз веб-браузерден жүктөөгө, иштеп чыгууга жана анализдөөгө мүмкүндүк берет, бул өндүрүш процесстеринин эффективдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатат. Иштеп чыгуучунун айтымында, Dolon системасы менен 4-5 сааттык адистин жумушун 30 мүнөткө чейин кыскартат.

Акылбек Жапаров долбоор келечектүү жана геологиялык чалгындоо процесстерине оң таасирин тийгизе аларын белгиледи. Ал сейрек кездешүүчү металлдардын реалдуу көлөмүн аныктоо үчүн Борду калдыктарын сактоочу жайда иштөөдө пилоттук долбоор катары программалык жабдууларды колдонууну сунуштады.