Өкмөт Ош облусун 1.45 млрд сомго каржылады

Ош облусунун 2023-жылдын 9 айына карата республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган каражаттар боюнча маалыматты Финансы министрлиги жарыялады.

Такталгандай, 2023-жылдын 9 айына карата республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары 1.4 млрд сомго каржыланган, алар:

• теңдөөчү трансферт – 703 млн сом;

• максаттуу трансферттер – 755.8 анын ичинен:

• ыйгарым укуктарды берүүгө – 52.6 млн сом;

• электр энергиясына болгон 50% компенсацияга – 16.3 млн сом;

• жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 55.7 млн сом;

• айыл өкмөттөрдүн башкы планына – 68.5 млн сом;

• Ош шаары (жылуулукка) – 398.1 млн сом

• Ош шаары(бирдиктүү салыкка) – 164.6 млн.сом