Ысык-Ата районунда 78.7 миң тонна кант кызылчасы жыйналды

Ысык-Ата районунда кант кызылчасынын түшүмүн Кант жана Станция Ивановка кабыл алуу пункттарында жүрүп жатат. Бул тууралуу райондук администрациясы билдирди.

Райондун акими Алмазбек Осмонов кызылча кабыл алуу пункттарында болуп, жүрүп жаткан иштер менен таанышты.

Быйылкы жылы район боюнча 3 461 гектар кант кызылчасы айдалган. Бүгүнкү күнгө карата түшүмдү жыйноо иштери 78% түзүп, 2 700  гектардын кант кызылчасы жыйналып алынды. Орточо түшүмдүүлүк 300 центнерди түздү. Жалпы 78.7 миң тонна кызылча кабыл алынып, анын ичинен станция Ивановка кабыл алуу пунктунда 46.2 миң тонна, Кант кабыл алуу пунктунда 32.5 миң тонна кант кызылчасы кабыл алынды.