> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# China Construction Bank Corporation Кыргызстандын банктык тармагын өнүктүрүүдө жардам берет
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/10/20/china-construction-bank-corporation-kyrghyzstandyn-banktyk-tarmaghyn-onukturuudo-zhardam-bieriet/
- Published: 2023-10-20T05:45:37.000Z
- Updated: 2023-10-20T05:45:36.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жылдын 16-октябрында Пекинде Улуттук банк жана China Construction Bank Corporation ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу КРУБ билдирди.**

Меморандумда Улуттук банк менен ССВ ортосунда банк чөйрөсүндө өз ара кызматташуу каралган, бул КРнын жана Кытайдын финансы рынокторунун өнүгүүсүнө алгылыктуу таасирин тийгизет.

Маалымат үчүн: China Construction Bank Corporation банкы Кытай Эл Республикасынын төрт ири мамлекеттик коммерциялык банктарынын бири болуп саналат жана дүйнөлүк ири финансылык институттар арасында активдер өлчөмү боюнча 2-орунду ээлейт. Аталган банктын активдери 4,7 триллион АКШ долларынан жогоруну түзөт.