China Construction Bank Corporation Кыргызстандын банктык тармагын өнүктүрүүдө жардам берет

2023-жылдын 16-октябрында Пекинде Улуттук банк жана China Construction Bank Corporation ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу КРУБ билдирди.

Меморандумда Улуттук банк менен ССВ ортосунда банк чөйрөсүндө өз ара кызматташуу каралган, бул КРнын жана Кытайдын финансы рынокторунун өнүгүүсүнө алгылыктуу таасирин тийгизет.

Маалымат үчүн: China Construction Bank Corporation банкы Кытай Эл Республикасынын төрт ири мамлекеттик коммерциялык банктарынын бири болуп саналат жана дүйнөлүк ири финансылык институттар арасында активдер өлчөмү боюнча 2-орунду ээлейт. Аталган банктын активдери 4,7 триллион АКШ долларынан жогоруну түзөт.