Кыргызстан Самаркандга картошка экспорттоого даяр

Жакында Самаркандда КРнын Соода өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү менен Өзбекстандын Соода-өнөр жай палатасынын Самарканд облустук жетекчилигинин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Жолугушууда эки коңшу өлкөнүн аймактарынын ортосундагы соода-экономикалык байланышты чыңдоого жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Жолугушуунун негизги максаты Самаркандга жегенге жарактуу картошканы жеткирүүнүн келечегин талкуулоо болду. Тараптар достук жана өз ара пайдалуу мамилелерди өз ара ишенимге жана кызматташтыкка негиздеп, жигердүү өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода байланыштарын мындан ары өнүктүрүү жана чыңдоо үчүн бардык зарыл чараларды көрүүгө чечкиндүү экендиктерин ырасташты.