Өкмөт Кара-Балтада тоо-кен казуу тармагын өнүктүрүүдө долбоорлорду талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында Чүй облусунун Кара-Балта шаарында тоо-кен казуу тармагын өнүктүрүүдө долбоорлорду ишке ашыруу боюнча мекемелер аралык жумушчу топтун көчмө жыйыны болду. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Ага тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, илимий кызматкерлер жана эксперттер катышты.

Жыйында тармактагы көйгөлөр, аларды чечүүнүн жолдору, тоо-кен өндүрүш ишканаларынын ишин жакшыртууга арналган бир катар маселелер каралды. Ошондой эле кен казуу чөйрөсүндөгү иштин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган стратегиялык пландар менен долбоорлор талкууланды.

Жумушчу топтун мүчөлөрү Кыргызстанда казып алынган жана өндүрүлгөн алтын камтыган руда менен концентратты кайра иштеткен “Кара-Балта тоо-кен комбинаты” ачык акционердик коомунун өндүрүш обьектилериндеги жумуштун жүрүшү менен дагы таанышып чыгышты.

Көчмө жыйындын соңунда өлкө экономикасында маанилүү орунду ээлеген кен казуу тармагы менен тоо-кен өнөр жайына колдоо көрсөтүү боюнча чечимдер кабыл алынды.