> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын экономикасы жылдын башынан бери өсүштү көрсөтүүдө
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/10/23/kyrghyzstandyn-ekonomikasy-zhyldyn-bashynan-bieri-osushtu-korsotuudo/
- Published: 2023-10-23T08:00:27.000Z
- Updated: 2023-10-23T08:00:28.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук статистика комитетинин 2023-жылдын 9 айындагы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр боюнча отчету жарыяланды.** 

Такталгандай, орточо айлык эмгек акы былтыркы жылга салыштырмалуу 25.7%га өсүп, ал 32 078 сомду түздү. Ошондой эле тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 27%га көбөйүп, ал 9.407 млрд АКШ долларын түздү.

Мында Кыргызстандын экспорттук кирешеси 46%га өсүп, 1 850 млрд АКШ долларын, ал эми импорт 23%га өсүп, 7.5 млрд АКШ долларын түздү.

Мейманканалар жана ресторандар көрсөткөн кызматтардын көлөмү боюнча дагы олуттуу өсүш байкалды, 2023-жылдын 9 айында 23 млрд сомду түзгөн, ал өткөн жылдын 9 айына салыштырмалуу 20%га көп.

Жук ташуулардын көлөмү 13% өсүп, ал 35,5 млрд сомду тузду. 2023-жылдын 9 айында дүң жана чекене соода 18%га өсүп, 791 млрд сомду түздү.

Мындан тышкары, негизги капиталга инвестиция 17%га өсүп, 97 млрд сомду түздү. Жалпысынан курулуш боюнча ички дүң продукциянын көлөмү да 13%га өсүп, 106 млрд сомду түздү.

Айыл чарбасы өткөн жылдын деңгээлинде калды, иш жүзүндө эч кандай өзгөрүү болгон жок: айыл чарба продукциясынын көлөмү 294 млрд сомду түздү.

Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү эң көп Баткен облусунда өсүп, ал 21%ды түздү. Бул көрсөткүч боюнча алдыңкы катарга 19% менен Чүй облусу жана 13%ды түзгөн Бишкек шаары кирди.

Өткөн жылга салыштырмалуу Ысык-Көл облусунда өнөр жай өндүрүшүнүн көрсөткүчтөрү төмөндөп, көлөмү 75%ды гана түзгөн