Кыргызстандын экономикасы жылдын башынан бери өсүштү көрсөтүүдө

Улуттук статистика комитетинин 2023-жылдын 9 айындагы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр боюнча отчету жарыяланды.

Такталгандай, орточо айлык эмгек акы былтыркы жылга салыштырмалуу 25.7%га өсүп, ал 32 078 сомду түздү. Ошондой эле тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 27%га көбөйүп, ал 9.407 млрд АКШ долларын түздү.

Мында Кыргызстандын экспорттук кирешеси 46%га өсүп, 1 850 млрд АКШ долларын, ал эми импорт 23%га өсүп, 7.5 млрд АКШ долларын түздү.

Мейманканалар жана ресторандар көрсөткөн кызматтардын көлөмү боюнча дагы олуттуу өсүш байкалды, 2023-жылдын 9 айында 23 млрд сомду түзгөн, ал өткөн жылдын 9 айына салыштырмалуу 20%га көп.

Жук ташуулардын көлөмү 13% өсүп, ал 35,5 млрд сомду тузду. 2023-жылдын 9 айында дүң жана чекене соода 18%га өсүп, 791 млрд сомду түздү.

Мындан тышкары, негизги капиталга инвестиция 17%га өсүп, 97 млрд сомду түздү. Жалпысынан курулуш боюнча ички дүң продукциянын көлөмү да 13%га өсүп, 106 млрд сомду түздү.

Айыл чарбасы өткөн жылдын деңгээлинде калды, иш жүзүндө эч кандай өзгөрүү болгон жок: айыл чарба продукциясынын көлөмү 294 млрд сомду түздү.

Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү эң көп Баткен облусунда өсүп, ал 21%ды түздү. Бул көрсөткүч боюнча алдыңкы катарга 19% менен Чүй облусу жана 13%ды түзгөн Бишкек шаары кирди.

Өткөн жылга салыштырмалуу Ысык-Көл облусунда өнөр жай өндүрүшүнүн көрсөткүчтөрү төмөндөп, көлөмү 75%ды гана түзгөн