> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көл облусуна 9 айда 981.7 млн сом которулду
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/10/23/ysyk-kol-oblusuna-9-aida-981-7-mln-som-kotoruldu/
- Published: 2023-10-23T06:02:47.000Z
- Updated: 2023-10-23T06:02:47.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Ысык-Көл облусуна 2023-жылдын 9 айына карата республикалык бюджеттин эсебинен 981.7 млн сом которулган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.**

Такталгандай, бюджеттер аралык трансферттер:

Ысык-Көл облусу боюнча 2023-жылдын 9 айына карата республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары 981,7 млн сом акча каражаты каржыланган. 

Алар:

• теңдөөчү трансферт – 203.3 млн сом;

• айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүүгө – 23.5 млн сом;

• электр энергиясына болгон 50% компенсацияга – 21.9 млн сом;

• жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 41.2 млн сом;

• айыл өкмөттөрдүн башкы планына – 6.8 млн сом;

• Караколду өнүктүрүүгө – 685 млн сом.