Ысык-Көл облусуна 9 айда 981.7 млн сом которулду

Ысык-Көл облусуна 2023-жылдын 9 айына карата республикалык бюджеттин эсебинен 981.7 млн сом которулган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Такталгандай, бюджеттер аралык трансферттер:

Ысык-Көл облусу боюнча 2023-жылдын 9 айына карата республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары 981,7 млн сом акча каражаты каржыланган.

Алар:

• теңдөөчү трансферт – 203.3 млн сом;

• айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүүгө – 23.5 млн сом;

• электр энергиясына болгон 50% компенсацияга – 21.9 млн сом;

• жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 41.2 млн сом;

• айыл өкмөттөрдүн башкы планына – 6.8 млн сом;

• Караколду өнүктүрүүгө – 685 млн сом.