ЖКнын комитети 2024-жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун карады

Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин отурумунда «КРнын 2024-жылга жана 2025–2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» мыйзам долбоору каралды.

Жыйында баяндама жасаган Финансы министри Алмаз Бакетаев фискалдык саясаттын негизги багыттарына токтолду. Ал белгилегендей, мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 2024-жылга 413 млрд сом суммасында же ИДПга карата 32.8% деңгээлинде болжолдонууда. 2025–2026-жылдар мезгилинде мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү тийиштүү түрдө 461.2 млрд сомду жана 512.8 млрд сомду түзөт.

Бакетаев билдиргендей, Айыл чарба министрлигине 2024-жылы 13 млрд сом бөлүү каралган, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 5.1 млрд сомго көп. Ирригация тармагына келерки жылы 1 млрд сом каралса, инвестицияларды тартуу менен суу чарба тармагын жакшыртууга, суу ресурстарына 7.1 млрд сом пландалууда. Ошондой эле, финансы министрлиги 2024-жылы жеңилдетилген айыл чарба багытындагы насыяларга 4 млрд сом пландаган.

Талкууда депутат Алишер Эрбаев социалдык тармакка, жөлөк пул менен пенсияларга келе жаткан жылда каралган каражатарды, ошондой эле тышкы карыздарды төлөөгө багытталган финансыны тактады. Финансы министри жаңы жылда социалдык тармакка жалпы 167 млрд сом, ал эми 67.9 млрд сом каражат мамлекеттик карызды төлөөгө каралганын айтты.