2022-жылы Кыргызстан менен Монголия 2.8 млн долларга гана соода жүргүзгөн

2022-жылы жана 2023-жылдын 8 айында Кыргызстандын Монголия мамлекети менен айыл чарба продукциясынын тышкы соода жүгүртүүсү көлөмү жалпысынан 2,8 млн АКШ долларын түзгөн. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Такталгандай, айыл чарба продукциясынын экспорттук көлөмү 2.4 млн доллар, кант жана канттан жасалган кондитердик азыктар жалпы 110.6 миң доллар, мөмө-жемиш 163.2 миң доллар (экспорт), жашылчалар 85.3 миң доллар (экспорт), жаңгактарды кайра иштетүү продуктуларына 51.1 миң доллар (экспорт), экспорттун эң көп үлүшүн дан эгиндеринен, ун, крахмал же сүттөн жасалган даяр продуктулар жана кондитердик азыктар түзүп, жалпы 729.1 миң АКШ долларын түзгөн.

2023-жылдын январь-август айларында Кыргыз Республикасынын Монголия мамлекети менен айыл чарба продукциясынын тышкы соода жүгүртүүсү 624.9 миң АКШ долларын түздү. Анын ичинен экспорттук берүүлөр суммасы 445,8 миң АКШ долларын түздү, алар:

- жашылча-жемиштерден жасалган даяр азыктар 303,3 миң АКШ доллар;

- кант жана канттан жасалган кондитердик азыктар 69,4 миң АКШ доллар;

- какао жана андан жасалган азыктар 38,5 миң АКШ доллар;

- жемиштер 20,7 миң АКШ доллар;

- жашылчалар 6,0 миң АКШ доллар.