2023-жылы Кыргызстандын Кытайга айыл чарба продукциясынын экспорту 3.2 млн долларды түздү

Жалпысынан 2023-жылдын январь-август айларында Кыргыз-Кытай менен айыл чарба продукциясынын тышкы соода жүгүртүүсү 55.4 млн долларды түздү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Айыл чарба продукцияларынын экспорту 3.2 млн долларды түздү:

• пахта буласы – 1.1 млн доллар;

• алкоголдук жана алкоголсуз продукциялар – 726,8 миң доллар;

• тамеки жана тамекини алмаштыруучу өнр жай товарлары – 275,5 миң доллар;

• бал – 243,2 миң доллар;

• жемиштер – 238 миң доллар;

• малдын жүнү жана жүн – 188,7 миң доллар;

• дан эгиндеринен даярдалган продукциялар жана ун – 142 миң доллар;

• эт жана балык азыктары – 49,4 миң доллар;

• май уруктары – 41,8 миң доллар;

• кант жана кант кондитердик азыктары – 46,8 миң доллар;

• мал чарба азыктары – 22,1 миң доллар.

2023-жылдын январь-августунда Кытай-Кыргыз айыл чарба продукциясынын импорту 52.2 млн долларды түздү:

• жемиштер – 30,7 млн доллар;

• майлуу өсүмдүктөр – 1,5 млн доллар;

• жашылчалар – 2,5 млн доллар;

• жашылчаларды жана мөмөлөрдү кайра иштетүү азыктары – 5,5 млндоллар;

• кант жана кант кондитердик азыктары – 1,2 млн доллар;

• тамеки жана тамекини алмаштыруучу заттар – 2,4 млн доллар;

• эт жана тамак-аштын кошумча азыктары – 795,8 миң доллар;

• жашылча-жемиштерди кайра иштетүү продуктылары – 794 миң доллар;

• кофе жана чай – 651,2 миң доллар;

• дан эгиндери – 260,4 миң доллар.