Кыргызстан менен Кытайдын өкмөттөрү кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цяндын ортосунда кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөр болду. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө соода-экономикалык, энергетикалык, каржылык, транспорт-транзиттик, айыл чарба, билим берүү жана илим тармактарында ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Ошондой эле буга чейинки жогорку деңгээлдеги сапарлардын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча кеңири пикир алмашуу болду.

Тараптар кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрдүн күн тартибин талкуулоого киришти.

Жапаров Кытай Кыргызстандын негизги соода-экономикалык жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп, биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.

Мындан тышкары, ал өз ара сооданын өсүү динамикасын, 2023-жылдын январынан июнь айына чейин 102 млн АКШ долларын түзгөн кытайлык өнөктөштөрдүн Кыргызстандын экономикасына инвестициясынын көлөмүн белгиледи.

Транспорт жана инфраструктура чөйрөсүндөгү кызматташтыкты талкуулоонун алкагында Минкаб төрагасы “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу боюнча эң ири долбоорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурду.

“Темир жолдун курулушу Кытай Эл Республикасынын Төрагасынын “Бир алкак – бир жол” демилгесин ишке ашырууда маанилүү байланыш болот, аны Кыргыз Республикасы биринчилерден болуп чоң шыктануу менен колдогон”, - деген белгиледи Акылбек Жапаров, бүгүнкү күндө тараптардын биргелешкен каржылоосу менен долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгып, анда жаңы линияны куруунун техникалык жана экономикалык максатка ылайыктуулугу тастыкталганын кошумчалады.

“Эркечтам” жана “Торугарт” көзөмөл өткөрүү пункттарынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу жана алардын жүк өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында кыргыз тарап көзөмөл-өткөрүү пунктун күнү-түнү жана 24/7 иштөө режимине өткөрүүнү сунуштады.