Кытай менен Кыргызстан 12 документке кол койду

Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цяндын КРна болгон расмий сапарынын алкагында бир катар макулдашууларга кол коюлду. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Атап айтканда, төмөнкдөгү документтерге кол коюлду:

  1. Министрлер кабинети жана Кытайдын Өкмөтүнүн ортосундагы 2023-2027-жылдарга чек аралык кызматташуу программасы;
  2. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жана Кытайдын Коммерция министрлигинин ортосундагы санариптик экономика чөйрөсүндө инвестициялык кызматташууну тереңдетүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  3. Экономика жана коммерция министрлиги менен Кытайдын Эл аралык кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин ортосундагы “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” (3-фаза) долбоорун ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдүн протоколу;
  4. Бишкек жана Чэнду шаарлары ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди орнотуу тууралуу келишим;
  5. Улуттук банк менен China Construction Bank Corporation ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  6. “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы менен “Hebei Jinsheng Mining Engineering Co., Ltd” компаниясынын ортосундагы “Тегене” көмүр кенин биргелешип иштетүү жөнүндө макулдашуу;
  7. «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы менен «Томирис-Кен» ЖЧКсынын ортосундагы «Сүлүктү талаа-11» көмүр кенин биргелешип иштетүү боюнча биргелешкен иш-чаралар жөнүндө макулдашуу;
  8. «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы менен «Kashi Shunbaofu Trade and Еxport Trade Corporation» кытай компаниясынын ортосундагы «Торугарт 1» көмүр кенин биргелешип иштетүү боюнча биргелешкен иш-чаралар жөнүндө макулдашуу;
  9. Ош облусунун Алай районунда жайгашкан «Эркечтам» кыргыз-кытай унаа чек арасына жакын жер тилкесинде ленталык конвейердик логистикалык көмүр борборун биргелешип куруу боюнча биргелешкен иш-чаралар жөнүндө макулдашуу;
  10. Энергетика министрлиги менен «Goldwind Science and Technology Co., Ltd» компаниясы ортосундагы Кыргыз Республикасында кубаттуулугу 3 ГВт чейин шамал электр станцияларын куруу жөнүндө макулдашуу;
  11. Энергетика министрлиги менен «Molin Energy Company Limited» компаниясы ортосундагы Кыргызстанда күн электр станцияларын куруу жөнүндө макулдашуу;
  12. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жана «Delong Steel Group Co., LTD» ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум.