> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Түрк инвестициялык фондун түзүү жөнүндө макулдашуу биринчи окууда жактырылды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/10/25/turk-inviestitsiialyk-fondun-tuzuu-zhonundo-makuldashuu-birinchi-okuuda-zhaktyryldy/
- Published: 2023-10-25T09:00:40.000Z
- Updated: 2023-10-25T09:00:39.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 25-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында «2023-жылдын 16-мартында Анкара шаарында кол коюлган Түрк инвестициялык фондун уюштуруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.** 

Экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаевдин айтымында, фонд Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун (ТМУ) өлкөлөрүндө приоритеттүү бизнес-долбоорлорду каржылоо үчүн ресурстук база болуп саналат. Фонддун уставдык капиталы 500 миллион долларын түзөт.

Кыргызстандын үлүшү 70 млн долларын түзөт жана 3 жылга республикалык бюджеттен төлөнөт. Фонддун уставдык капиталын толуктоо графигине ылайык, 5 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү каражаттар Фонддун уюштуруучулары тарабынан акционерлердин уюштуруу чогулушунан кийин 90 күндүн ичинде баштапкы салым катары төлөнөт. 

> «Калган үлүштөр жыл сайын 18, 23 жана 24 миллион долларлык үч транш менен төлөп беришет”, - деди Малаев.