Түрк инвестициялык фондун түзүү жөнүндө макулдашуу биринчи окууда жактырылды

Бүгүн, 25-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында «2023-жылдын 16-мартында Анкара шаарында кол коюлган Түрк инвестициялык фондун уюштуруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаевдин айтымында, фонд Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун (ТМУ) өлкөлөрүндө приоритеттүү бизнес-долбоорлорду каржылоо үчүн ресурстук база болуп саналат. Фонддун уставдык капиталы 500 миллион долларын түзөт.

Кыргызстандын үлүшү 70 млн долларын түзөт жана 3 жылга республикалык бюджеттен төлөнөт. Фонддун уставдык капиталын толуктоо графигине ылайык, 5 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү каражаттар Фонддун уюштуруучулары тарабынан акционерлердин уюштуруу чогулушунан кийин 90 күндүн ичинде баштапкы салым катары төлөнөт.

«Калган үлүштөр жыл сайын 18, 23 жана 24 миллион долларлык үч транш менен төлөп беришет”, - деди Малаев.