Кыргызстан Пакистандан айыл чарба продукциясынын импорту 7.5 млн долларды түздү

2023-жылдын январь-август айларында Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы айыл чарба продукциясынын товар жүгүртүүсү 7.8 млн долларды түзүп, анын ичинен экспорт 336.1 миң долларын, импорт 7.5 миллион АКШ долларын түзгөн. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Экспорт:

• иштетилбеген тери – 157.7 миң АКШ доллар;

• жашылчалар – 115.5 миң АКШ доллар;

• эт субпродуктылары жана консерваланган эт азыктар – 62.9 миң АКШ долларын түздү.

Импорт:

• кант жана кант кондитердик азыктары – 4.7 млн АКШ доллар;

• жемиштер – 1.3 млн АКШ доллар;

• кофе, чай жана татымалдар 640 миң АКШ доллар;

• дан эгиндери – 398.8 миң АКШ доллар;

• жашылчалар – 165.3 миң АКШ доллар;

• жашылча жемиштерди кайра иштетүү – 116.3 миң АКШ долларын түздү.