Кыргызстан айыл чарба продукциясынын экспортунун көлөмү 20.7 млрд сомду түздү

2023-жылдын 8 айында 20 млрд 689 млн сомдук айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайынын продукциясы экспорттолду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 8 айында айыл чарба азыктарынын импорту республиканын импортунун жалпы көлөмүндөгү үлүшү 9.3% түздү.