“Айыл чарбасын каржылоо” долбоору аркылуу ишкерлерге 3.28 млрд сомго кредиттер берилди

“АЧК-11” долбоорунун негизинде 3.28 млрд сом кредит берилди. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Долбоордун алкагында республиканын 7 312 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 3 млрд 283.9 млн сом суммасында жеңилдетилген кредит берилди.

Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышууда.