Баткенге “Жеңилдетилген каржылоо 2” долбоорунун негизинде 86.1 млн сом бөлүндү

Баткен облусун өнүктүрүү жана калкына мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында 86.1 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

“Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо-2” долбоорунун максаты Баткен облусун андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ишкердик субъекттерине жана жеке жактарга жеткиликтүү жана жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүү жолу менен мамлекеттик колдоо көрсөтүү.

Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышууда. Аларды кредиттөөнүн көлөмү 350 млн сомду түзүүдө. 2023-жылдын 26-октябрына карата бул Баткен облусунун 98 ишкердик субъекттерине 86.1 млн сом суммасында жеңилдетилген кредит берилди.