Кыргызстан өзүн-өзү картошка, жашылча-жемиштер жана сүт менен гана камсыздады

2023-жылдын январь-август карата абал боюнча негизги социалдык маанилүү азык-түлүк товарлары менен азык-түлүк коопсуздугу тууралуу Айыл чарба министрлиги ыкчам маалыматты таратты.

Такталгандай, экспорт-импортту эске алуу менен:

нан азыктары боюнча даярдык – 128.4%, картошка – 167.9%, жашылча-жемиштер – 182.4%, мөмө-жемиштер – 35.3%, эт – 97.1%, сүт – 118.8 %, кум шекер – 98.5%, жумуртка – 79.2%, өсүмдүк майы – 89.6%.

Өздүк өндүрүштүн эсебинен: нан азыктары боюнча – 77.6 %, картошка – 167.4 %, жашылча-жемиштер – 164.5 %, мөмө-жемиштер – 18.2%, эт – 80.5 %, сүт – 116.5 %, кум шекер – 69%, жумуртка – 63.9%, өсүмдүк майы – 44%.

Ошол эле учурда ички рыноктун көлөмүндө импорттун үлүшү төмөндөгүлөрдү түзгөн:

нан азыктары – 62.6%, эт – 20.1%, өсүмдүк майы – 57.5%, кум шекер – 34.2%, мөмө-жемиштер – 50.4%.