> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан менен Казакстандын фармацевтикалык компаниялары кызматташат
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/10/31/kyrghyzstan-mienien-kazakstandyn-farmatsievtikalyk-kompaniialary-kyzmattashat/
- Published: 2023-10-31T03:15:12.000Z
- Updated: 2023-10-31T03:15:11.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**«Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы менен «Казакстан СК Фармация» ЖЧШсынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.**

Маалыматка ылайык, меморандумга фармацевтикалык продукцияны өндүрүү боюнча дүйнөлүк лидерлердин катышуусунда Астанада өткөн 3-эл аралык фармацевтикалык форумдун жүрүшүндө кол коюлду.

Муну менен мамлекеттик ишкана фармацевтика тармагындагы аймактык жана дүйнөлүк лидерлер менен байланыштарын чыңдоодо. Жетишилген макулдашуулар дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыз кылуу маселелерин биргелешип чечүүгө мүмкүндүк берет.