Кыргызстан менен Казакстандын фармацевтикалык компаниялары кызматташат

«Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы менен «Казакстан СК Фармация» ЖЧШсынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, меморандумга фармацевтикалык продукцияны өндүрүү боюнча дүйнөлүк лидерлердин катышуусунда Астанада өткөн 3-эл аралык фармацевтикалык форумдун жүрүшүндө кол коюлду.

Муну менен мамлекеттик ишкана фармацевтика тармагындагы аймактык жана дүйнөлүк лидерлер менен байланыштарын чыңдоодо. Жетишилген макулдашуулар дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыз кылуу маселелерин биргелешип чечүүгө мүмкүндүк берет.