Ишкерлер 1.1 трлн сомдон ашык суммада электрондук эсеп-фактура тариздешкен

2023-жылдын 10 айында ишкердик субъекттер жүгүртүү суммасы 1.1 трлн сомдон ашык суммада 12.3 млн электрондук эсеп-фактура тариздешкен. Бул тууралуу мекеменин жетекчиси Алтынбек Абдувапов пресс-конференцияда айтып берди.

Жалпысынан 2020-жылдын 1-июлунан – ЭЭФти киргизүү башталгандан тартып, ишкерлер тарабынан 4.6 трлн сомго 32.8 млн электрондук эсеп-фактура жазылды.

Бүгүнкү күндө ЭЭФ 69 миң 70 салык төлөөчү колдонуп, жыл башынан тартып 34 миңден ашуун субъектке көбөйдү.