> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Салык кызматы 10 айдын ичинде 200 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү жыйнады
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/11/02/salyk-kyzmaty-10-aidyn-ichindie-200-mlrd-som-salyk-zhana-kamsyzdandyruu-toghumdoru-zhyinady/
- Published: 2023-11-02T10:24:16.000Z
- Updated: 2023-11-02T10:24:16.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Салык кызматы 10 айдын ичинде 200 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү жыйнады. Бул тууралуу мекеменин жетекчиси Алтынбек Абдувапов пресс-конференцияда айтып берди.**

Такталгандай, белгиленген план 2.9 млрд сомго ашыгы менен аткарылды. 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 34.1 млрд сомго көп чогултулду.

Чогулган каражаттардын түзүмүндө 147 млрд 999.1 млн сом салык жана төлөмдөргө, 51 млрд 939.4 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүнө тийиштүү.