Салык кызматы 10 айдын ичинде 200 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү жыйнады

Салык кызматы 10 айдын ичинде 200 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү жыйнады. Бул тууралуу мекеменин жетекчиси Алтынбек Абдувапов пресс-конференцияда айтып берди.

Такталгандай, белгиленген план 2.9 млрд сомго ашыгы менен аткарылды. 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 34.1 млрд сомго көп чогултулду.

Чогулган каражаттардын түзүмүндө 147 млрд 999.1 млн сом салык жана төлөмдөргө, 51 млрд 939.4 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүнө тийиштүү.