> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Микро, чакан жана орто ишканаларга 1.5 млрд сомго кепилдик берилген
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/11/13/mikro-chakan-zhana-orto-ishkanalargha-1-5-mlrd-somgho-kiepildik-bierilghien/
- Published: 2023-11-13T09:00:27.000Z
- Updated: 2023-11-13T09:31:55.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын башынан бери жана ушул жылдын 13-ноябрына карата «Микро, чакан жана орто ишканаларды өзгөчө колдоо» долбоорунун алкагында Кепилдик фонду ишкерлерге 1.5 млрд сомдон ашык суммага 4 160 портфелдик кепилдиктерди берген. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы билдирди.**

Такталгандай, өнөктөш банктар тарабынан ишкерлерге 3.2 млрд сомдон ашык насыя берилди.

Портфелдик тобокелдикти бөлүштүрүү механизми финансы-кредиттик мекемелерге кредиттин кайтарылбай калуу тобокелдигин азайтууга мүмкүндүк берет жана кредиттик процедураларды жумшартат.

Хочешь самым первым узнавать о важных новостях об экономике и бизнесе в Кыргызстане, подпишись на наш Телеграм канал [@ishker\_media](https://t.me/ishker%5Fmedia)