Микро, чакан жана орто ишканаларга 1.5 млрд сомго кепилдик берилген

2022-жылдын башынан бери жана ушул жылдын 13-ноябрына карата «Микро, чакан жана орто ишканаларды өзгөчө колдоо» долбоорунун алкагында Кепилдик фонду ишкерлерге 1.5 млрд сомдон ашык суммага 4 160 портфелдик кепилдиктерди берген. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, өнөктөш банктар тарабынан ишкерлерге 3.2 млрд сомдон ашык насыя берилди.

Портфелдик тобокелдикти бөлүштүрүү механизми финансы-кредиттик мекемелерге кредиттин кайтарылбай калуу тобокелдигин азайтууга мүмкүндүк берет жана кредиттик процедураларды жумшартат.

Хочешь самым первым узнавать о важных новостях об экономике и бизнесе в Кыргызстане, подпишись на наш Телеграм канал @ishker_media