Нарында халал эт паркынын долбоору талкууланды

Нарын облусунун Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын имаратында «Халал индустриясын өнүктүрүү борбору» мамлекеттик ишканасынын директору Алмаз Кайырбеков «Эт халал» долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси менен тааныштырды. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Такталгандай, адал продукциянын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен ири мүйүздүү жана майда мүйүздүү малдарды бордоочу жайларды, малды союунун алдында ветеринардык текшерүүдөн өткөрүү үчүн карантиндик блокторду, эт-сүт азыктарын сактоочу тоңдургучтарды, ошондой эле жүндү, сөөк жана канды, терини кайра иштетүүчү өндүрүштүк цехтерди салуу зарыл.

Халал паркы өндүрүш процессин эң аз чыгым менен жүргүзүүгө мүмкүндүк берет, бул дагы калдыксыз технологияларды колдонууга шарттарды түзөт, наркты түзүүнүн натыйжалуулугун жогорулатат, эт азыктарынын сапатын жана коопсуздугун жогорулатууга жана ички рынокто да, ошондой эле эл аралык соодада да берүүчүлөр менен керектөөчүлөрдүн ортосундагы байланыштарды чыңдоо аркылуу мал чарба тармагында эт азыктарын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.