Кыргызстан Dubai Airshow 2023 иш чарасына катышты

«МЭК» ААК жетекчилиги Dubai Airshow 2023 иш чарасына катышты. Бул тууралуу “Манас” аэропортунун маалымат кызматы билдирди.

Иш чарага «МЭК» ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов.

аткаруучу директору Мирлан Кубаталиев жана экономика, финансы жана социалдык өнүктүрүү иштери боюнча директору Адилет Малдыбаев катышты.

«Dubai Airshow - жарандык жана аскердик авиация тармагындагы дүйнөлүк алдыңкы иш-чара болуп саналат, ал ар дайым дүйнө жүзүндөгү мамлекеттик чөйрөлөрдүн, жогорку даражалуу аскер кызматкерлери менен бизнесмендердин көңүлүн буруп турат. Көргөзмөгө катышуучуларга чечим кабыл алуучу адамдар жана эксперттер менен жолугушуунун жана өз өлкөлөрүндө авиациясын өнүктүрүүнүн жолдорун талкуулоонун жогорку натыйжалуу ыкмасын сунуштайт», - деп белгиледи Манасбек Самидинов.