> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Микрокредит алуучулардын 20%ы Ош облусунан
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/11/21/mikrokriedit-aluuchulardyn-20-y-osh-oblusun/
- Published: 2023-11-21T04:55:19.000Z
- Updated: 2023-11-21T04:55:19.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жылдын январь-сентябрында микрокредиттерди берүүчү уюмдар тарабынан 37 млрд сомго жакын суммада кредиттер берилди, аны алуучулардын саны 533 миң адамдан ашты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.**

Микрокредит алган калктын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 12%га, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү 29%га көбөйдү.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/11/------------.png)

Микрокредиттерди алуучулардын басымдуу саны Ош (алуучулардын жалпы санынын 20%дан ашыгы) жана Жалал-Абад облустарына (17%дан ашык), ошондой эле Бишкек ш. (16%) жана Чүй облусуна (13%) туура келди. Ошол эле учурда микрокредиттердин олуттуу суммасы Бишкек шаарынын (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 19%ы), Ош (дээрлик 17%ы), Чүй жана Жалал-Абад облустарынын (16%дан) алуучуларына берилди.

2023-жылдын 9 айында калкка берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 48%га жакыны - керектөө муктаждыктарына, 23%дан ашыгы - айыл чарба ишмердиктерин өнүктүрүүгө, 11,5%ы - соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө жана 6%ы курулушка багытталды.

***Январь-сентябрдагы калкка микрокредиттердин максаттар боюнча берилиши*** 

 (микрокредиттердин жалпы көлөмүнө карата пайыз менен)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/11/--------------1-.png)

2023-жылдын январь-сентябрында микрокредиттерди белгиленген мөөнөткө ылайык кайтаруунун деңгээли 90.9%ды түздү, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2% пунктка төмөн.