> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ветеринария кызматы эки эсе көп каражатка каржыланды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/11/21/vietierinariia-kyzmaty-eki-esie-kop-karazhatka-karzhylandy/
- Published: 2023-11-21T07:00:28.000Z
- Updated: 2023-11-21T07:00:28.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Ветеринария кызматына былтыркы 2022-жылга салыштырмалуу бөлүнө турган каражат эки эсеге көбөйдү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.**

2023-жылга Ветеринария кызматынын бюджети 1 млрд 180.5 млн сомду түздү. 

Жыл ичинде кошумча бөлүнгөн каражаттар 174.9 млн сом, анын ичинен: 

• кредитордук карызды төлөөгө – 118.2 млн сом;

• вакциналарга – 56.7 млн сом;

• РВДБ (Республикалык ветеринардык диагностика борборлору) үчүн диагностикумдарды сатып алууга – 54.2 млн сом;

• 27 млн сом – реагенттерди, сарпталуучу материалдарды жана лабораториялар үчүн жабдууларды сатып алуу үчүн. 

2023-жылдын 10 айына карата каралган каражаттын 704.8 млн сому каржыланды.