Чүй облусу Кытайдын Шэньси провинциясы менен экономикалык байланышты бекемдейт

2023-жылдын 15-20-ноябрында президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Джумагазиев жетектеген Чүй облусунун делегациясы Кытайдын Шэньси провинциясында болушту. Бул тууралуу облустун администрациясы билдирди.

Иш сапардын алкагында делегация мүчөлөрү жана Чүй облусунун бизнес өкүлдөрү “Жибек жолу” VII Эл аралык көргөзмөсүнө катышты. Көргөзмөнүн негизги темалары соода-экономикалык кызматташтык, транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү болду. Көргөзмөдө жемиштүү өнөктөштүк мамилелерди түзүү жана жаңы инвестициялык долбоорлорду тартуу максатында сүйлөшүүлөр жүрдү.

Канат Джумагазиев Шэньси провинциясынын КПК парткомунун катчысы Чжао Идэ менен конструктивдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Тараптар Кыргызстан менен Кытайдын лидерлеринин 2023-жылдын май айындагы жолугушуусу кытай-кыргыз өз ара аракеттешүүсүнүн бүтүндөй комплексине күчтүү дем бергенин ырасташты.

Конференциянын жыйынтыгында төмөндөгүлөргө кол коюлду:

1. Шэньси провинциясынын демонстрациялык зонасы, Чүй облусунун Москва району жана Янлинг демонстрация аймагынын партиялык жумушчу комитетинин ортосундагы “Бир тууган шаарлардын ортосундагы кызматташтыкты жана алмашууну мындан ары да чыңдоо боюнча меморандум”;

2. Шэньси провинциясынын Түндүк-Батыш А&Ф университетинин, Чүй облусунун Москва районунун жана «Кыргыз-Корм» ЖЧКсынын ортосунда «Мөмө-жемиш бактарын өстүрүү технологияларынын Кытай-Кыргыз көргөзмө паркын куруу жөнүндө макулдашуу»;

3. Чүй облусунун Москва району, «Кыргыз-Корм» ЖЧКсы жана «Янглин» демонстрациялык зонасынын административдик комитетинин ортосунда «ШКУнун айыл чарба базасында Кыргыз илимий-технологиялык индустриалдык паркын курууну тездетүү боюнча негиздүү макулдашуу»;

4. Чүй облусунун Москва району, «Кыргыз-Корм» ЖЧКсы жана Шэньси кесиптик колледжинин ортосундагы «Эл аралык билим берүү алмашуу жана кызматташуу боюнча негиздүү макулдашуу».