> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өкмөт ИДПнын көлөмүн 1 трлн сомго жетүүнү күтүүдө
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/11/22/okmot-idpnyn-1-trln-somgho-zhietuunu-kutuudo/
- Published: 2023-11-22T09:06:22.000Z
- Updated: 2023-11-22T09:06:21.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жылдын январь-октябрь айларында КРнын ИПДнын көлөмү 919.1 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 4.5%ды түздү.** 

Экономика министрлиги белгилегендей, 2023-жылдын ноябрь айынын үчүнчү он күндүгүндө өлкөнүн ИПДнын номиналдык көлөмү 1 трлн сомдук тарыхый деңгээлге жетиши күтүлүүдө. 

“2011-жылы ИДПнын деңгээлине 250 млрд сомго жеткен. Кийинки олуттуу көрсөткүчкө 6 жылдан кийин жетип, 2017-жылы ИДП эки эсеге өсүп, 500 млрд сомдон ашты. Үстүбүздөгү жылы ИДПнын эки эсеге өсүүсү менен кийинки көрсөткүчкө жетишилди жана ноябрь айынын аягына чейин 1 трлн сомдон ашат”, - деп эскертти министрлик.