Өкмөт ИДПнын көлөмүн 1 трлн сомго жетүүнү күтүүдө

2023-жылдын январь-октябрь айларында КРнын ИПДнын көлөмү 919.1 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 4.5%ды түздү.

Экономика министрлиги белгилегендей, 2023-жылдын ноябрь айынын үчүнчү он күндүгүндө өлкөнүн ИПДнын номиналдык көлөмү 1 трлн сомдук тарыхый деңгээлге жетиши күтүлүүдө.

“2011-жылы ИДПнын деңгээлине 250 млрд сомго жеткен. Кийинки олуттуу көрсөткүчкө 6 жылдан кийин жетип, 2017-жылы ИДП эки эсеге өсүп, 500 млрд сомдон ашты. Үстүбүздөгү жылы ИДПнын эки эсеге өсүүсү менен кийинки көрсөткүчкө жетишилди жана ноябрь айынын аягына чейин 1 трлн сомдон ашат”, - деп эскертти министрлик.