2024-жылы Мамлекеттик ипотекалык компанияга 1 млрд сом бөлүнөт – өкмөттүн убадасы

2024-жылы Мамлекеттик ипотекалык компанияга 1 млрд сом бөлүнөт. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ЖКнын жыйынында билдирди.

“Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталы 2020-жылы 480 млн сом гана болчу. Бүгүнкү күндө МИКтин уставдык капиталы 13.5 млрд сомго жеткирилди. МИК боюнча мамлекеттик саясатты өзгөрттүк: наркы арзан жана элге жеткиликтүү рыноктук шарттарда өзүбүз үйлөрдү курабыз. Бишкекте 6 миңден ашуун квартира курулуп жатат. Бүт аймактар боюнча үйлөр курулат”, - деди Акылбек Жапаров.

Аны менен катар мамлекеттик мүлктү башкаруудагы иштерге токтолуп, мамлекеттик мүлк мамлекетке пайда бериши керектигин билдирди.