Бажы кызматы биринчи жолу 100 милиарддык чекти өттү

Бажы кызматы биринчи жолу 100 милиарддык чекти өттү. Бул тууралуу ЖКнын жыйынында окмөт башчысы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, 2023-жылы Бажы кызматы бажы төлөмдөрү боюнча пландын аткарылышын 117.4 млрд сомго камсыз кылган, бул бекитилген көрсөткүчтөн 22.7 млрд сомго көп.

2024-жылга Салык кызматы 230 млрд сом өлчөмүндө план белгилейт, бул 2023-жылга каралган пландан 49 млрд сомго көп.

Ал ошондой эле фискалдык саясат санариптештирүү боюнча реалдуу прогресске жетишкенин, атап айтканда салык кызматтары чөйрөсүндө ЭСФ, ККМ, ЭТТН ж.б. киргизилип, колдонулуп жатканын кошумчалады.

«Көмүскө экономиканын көлөмүнүн олуттуу кыскарышына жана өлкөнүн бюджетине түшүүлөрдүн бир топ өсүшүнө таасирин тийгизүүчү инструменттер натыйжасын бере баштады. Бажы кызматы жаатында чектешкен мамлекеттер менен салмактык жана нарктын теңдешүүгө жетүү үчүн маалыматтык өз ара аракеттенүү системасы активдешүүдө. Көзөмөл-өткөрүү пункттарында акылдуу камералар, радиациялык рентген, салмак көзөмөлдөрү иштеп жатат. Навигациялык пломбалар аркылуу товарларга, транспорттук каражаттарга байкоо жүргүзүлөт", - деди Акылбек Жапаров.