Финансы сектору 33 млрд сомго жакын пайда тапты

2023-жылдын январь-сентябрында экономиканын финансы секторунда 647 уюм, анын ичинде Улуттук банк, 23 коммерциялык банк, 608 банктык эмес финансылык-кредиттик уюм жана 15 камсыздандыруу компаниясы иш жүргүздү. Маалыматты Улуттук статистика комитети билдирди.

2023-жылдын 9 айында экономиканын финансы секторундагы уюмдардын кирешелеринин суммардык көлөмү 2022-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 22%га (16.7 млрд сомго) көбөйүп, 91 млрд. сомдон ашты, бул негизинен банк секторунун кирешелеринин өсүшү менен камсыздалды. Ушул эле мезгилде финансы секторундагы уюмдардын чыгымдары 29%га көбөйүп, 58.5 млрд сомду түздү.

Январь-сентябрдагы экономиканын финансы секторунун ишканаларынын ишмердигинин көрсөткүчтөрү (млн. сом)

Үстүбүздөгү жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен экономиканын финансы секторундагы ишканалар тарабынан 33 млрд сомго жакын пайда алынды, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 3.6 млрд сомго көп. Коммерциялык банктардын, микрокредиттик уюмдардын жана Улуттук банктын пайдасынын көбөйүшү байкалды. Финансы секторундагы ишканалардын 66%га жакыны пайда алышты, ал эми 14%ы чыгым тартты.

2023-жылдын 1-октябрына карата банктардын жана банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдардын ачык кредиттик портфелинин суммардык көлөмү 285 млрд сомдон ашты, мында банктык секторго кредиттердин жалпы көлөмүнүн 86%ы туура келди.

Кредиттерди берүүнүн негизги багыттары соода чөйрөсү (жалпы көлөмдүн 25%ы), керектөө муктаждыктары (24%), айыл чарбасы (18%) жана ипотека (10,5%) болуп саналды.