> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мамлекеттик сатып алуулардын көлөмү 43.4 млрд сомду түздү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/11/23/mamliekiettik-satyp-aluulardyn-kolomu-43-4-mlrd-somdu-tuzdu/
- Published: 2023-11-23T03:53:06.000Z
- Updated: 2023-11-23T03:53:06.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Мамлекеттик сатып алуулар боюнча 2023-жылдын 3-кварталында сатып алуучу уюмдар тарабынан жалпысынан 98 654 товарлар, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр жана консултациялык кызматтарынын жалпы суммасы 92 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.**

Анын ичинен жалпы суммасы 43.4 млрд сомдук 65 711 сатып алуу ийгиликтүү аяктады.

Алар:

· 31.2 млрд сомдук товарлар;

· 10 млрд сомдук жумуштар;

· 2.1 млрд сомдук кызмат көрсөтүүлөр;

· 0.021 млрд сомдук консультациялык кызматтарды сатып алуулар.

КР Финансы министрлигинин Мамлекеттик сатып алуулар департаменти тарабынан 2023-жылдын 1-январынан 30-сентябрына чейинки аралыкта 126 сатып алуучу уюмга 1 млн 555 миң сом айып санкциялары салынып, анын 940 миң сому төлөнгөн.