Мамлекеттик сатып алуулардын көлөмү 43.4 млрд сомду түздү

Мамлекеттик сатып алуулар боюнча 2023-жылдын 3-кварталында сатып алуучу уюмдар тарабынан жалпысынан 98 654 товарлар, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр жана консултациялык кызматтарынын жалпы суммасы 92 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Анын ичинен жалпы суммасы 43.4 млрд сомдук 65 711 сатып алуу ийгиликтүү аяктады.

Алар:

·         31.2 млрд сомдук товарлар;

·         10 млрд сомдук жумуштар;

·         2.1 млрд сомдук кызмат көрсөтүүлөр;

·         0.021 млрд сомдук консультациялык кызматтарды сатып алуулар.

КР Финансы министрлигинин Мамлекеттик сатып алуулар департаменти тарабынан 2023-жылдын 1-январынан 30-сентябрына чейинки аралыкта 126 сатып алуучу уюмга 1 млн 555 миң сом айып санкциялары салынып, анын 940 миң сому төлөнгөн.