Мамлекеттик банктардын уставдык капиталы 100 млн долларынан ашты

Министрлер кабинети мамлекеттик банктардын уставдык капиталын 100 млн долларынан ашырды. Бул тууралуу минкаб төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Жогорку Кеңештин жыйынында 2022-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы, 2023-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу отчетту кароо алкагында билдирди.

«РСК Банктын» уставдык капиталы 2020-жылы 2.3 млрд сом болчу, азыр 9.4 млрд сомго жетип, 4 эсеге көбөйдү. «Айыл банктын» уставдык капиталы 2020-жылы 3.5 млрд сом болсо, азыр 12.4 млрд сомго жетти, же 3.5 эсеге көбөйдү. Экөө тең өлкөдөгү эң ири банктардын катарына кирди. Бул иштер мамлекеттик программаларды ишке ашырууга жакшы түрткү болууда», - деди Жапаров.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, «тышкы дипломатиялык карым-катнашта президентибиздин натыйжалуу саясатынын аркасында тышкы сооданын көлөмү 2023-жылдын январь-сентябрь айларында 10.8 млрд долларды түзүп, 2022-жылга салыштырмалуу 26.2%га өсүш болду».