Жыл башынан бери аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө 765 млн сомдук кепилдик берилген

Үстүбүздөгү жылдын 10 айында Кепилдик фонд 765 миллион сомдон ашык суммага 1 630 кепилдик берүү менен аялдардын ишкердигин колдоого алды. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы билдирди.

Ишкер аялдар ар түрдүү тармактарда активдүү иш алып барышат. 2023-жылдын башынан бери жана 31-октябрга карата берилген кепилдиктердин жалпы санында аялдардын ишкердигинин үлүшү 41%ды түздү.

Бул мезгилдеги статистикалык маалыматтарга ылайык, айыл чарба жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагында бизнести өнүктүрүү үчүн кепилдиктердин жалпы санынын 52%дан ашыгы ишкер аялдарга берилген.

Калган 48% башка тармактарды өнүктүрүүгө, анын ичинде: курулушка; транспорт; кызмат көрсөтүүлөр; өнөр жай; туризм; соода жана ипотека.

Быйыл кепилдик ишкерлерге дээрлик 1 млрд 850 млн сом өлчөмүндө кредит алуу мүмкүнчүлүгүн берди.

Бул мезгилде аялдардын ишкердигин өнүктүрүү үчүн кепилдик фонддордун дээрлик 60%ы аймактарга жөнөтүлгөн. Алардын ичинен: кепилдик каражаттардын жалпы суммасынын 15.1%ы Жалал-Абад облусуна жөнөтүлдү; Ош облусуна – 9.2%; Чүй облусуна – 7.4%; Ысык-Көл облусуна – 7.1%; Баткен облусуна – 6%; Ош шаарына – 5.8%; Талас облусуна – 4.8%; Нарын облусуна – 3.3%.

«Кепилдик фонд» ААК ишмердүүлүгүнүн бүткүл мезгилинде аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө 2 млрд 125 млн сомдон ашык суммага 2 671 кепилдик берилип, ишкерлерге 6 млрд 295 млн сомдон ашык суммада банктык кредиттер берилген.